www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ОшМУнун Ректору Кудайберди Кожобеков үгүт иштери боюнча мыйзам бузганы үчүн кызматтан алынды. Жогорку Кеңештин депутаты Аккулу Бердиев болсо «ордуна коюп койгула» деп омуроолоп жатат.

Анын ою боюнча университетте болгон иштерге ректор жооптуу эмес экен. Мына кызык, анда ким жооп берет?

Негизи бул ректор Сооронбай Жээнбековдун аркасы менен чоноюп келе жаткан эргул болчу. Соке министрдин орун басары кылып секирткен, анан раматылык Каныбек Исаковду келбес оюна койбой чоңойтумуш этип, министр кыла коюшуп, ректорлук орунду бошотуп, анан же жетекчилик жөндөмү жок, же илимде орду жок, белгисиз Кудайберди Кожобековду ректор кылып алып барышкан.

Андан бери эки жылдын жүзү болду. Кожобековдун кылган ишинин дайыны жок. Ректордун жердеш депутаты айткандай, ал ат көтөргүс, төө көтөргүс иш жасаган болсо, анда ОшМУга атын берип алышпайбы?!

Булак: Азия News гезити

Последние новости