www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларус куралдуу күчтөрү Орусиядан тактикалык өзөктүк ракеталарды колдонууга жөндөмдүү "Искандер-М" комплексин алды. Бул тууралуу Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу билдирди.

Анын айтымында, 3-апрелде Орусиядагы полигондордун биринде жаңы берилген курал-жаракты пайдалануу боюнча беларус аскерлеринин машыгуулары башталды.

Орусия Беларуска тактикалык өзөктүк куралын жайгаштыра турганын марттын аягында орус президенти Владимир Путин билдирген. Ал бул чечимин беларус жетекчилигинин тиешелүү өтүнүчү менен түшүндүргөн.

Ошол эле маалда Беларустун президенти Александр Лукашенко өлкө аймагына стратегиялык өзөктүк курал жайгаштыруу боюнча Путин менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген. "Эгер орус жетекчилигинин Орусиянын кыйроосуна көзү жетсе, өзөктүк курал колдонулат. Бул жагынан алганда украин Куралдуу күчтөрүнүн контрчабуулдарды жасоо планы өзгөчө кооптуу", – деген Лукашенко.

Өз кезегинде Украина Путиндин бул билдирүүсүнө байланыштуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү талап кылган. Европа биримдигинин (ЕБ) тышкы иштер мекемесинин башчысы Жозеп Боррель Беларуска өзөктүк курал жайгаштырыла турган болсо, ЕБ Минск менен Москвага каршы жаңы санкцияларды киргизерин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости