www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америкалык Bloomberg агенттиги Орусияда дүйшөмбү күнү кечинде 1918-жылдан бери биринчи жолу дефолт болду деп жазды.
27-майда Орусиянын Каржы министрлиги 2026 жана 2036-жылдары мөөнөтү бүтө турган еврооблигациялардын эки эмиссиясы боюнча купондорду доллар жана евро менен төлөшү керек болчу. Муну Орусия алдын ала эле ишке ашырып койгон.
Кийинчерээк АКШнын Финансы министрлиги Орусияга тышкы карызды доллар жана евро менен төлөөгө мүмкүндүк берген лицензияны узартуудан баш тарткан.
Төлөмдөр агенти (Улуттук эсептешүү депозитарийи) Орусиянын 2026-жылга чегерилген 71,25 миллион долларын жана 2036-жылга чегерилген 26,5 миллион евросун алган. Бирок Bloomberg агенттигинин жазганына караганда, каражат баалуу кагазды кармап тургандардын колуна тийбей калган жана төлөө мөөнөтү 27-июнга караган түнү бүткөн. Дал ошол себептен ал учурда Орусия дефолт абалына кептелди деп айтылган.
Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кремль Орусия тышкы карызды төлөй албай калды деген дооматтарга макул эместигин билдирди.
"Дефолт боюнча айыптоолор негизсиз, май айында төлөм чет өлкөлүк валютада жүргүзүлгөн. Ал эми Euroclear бул акчаны ээлерине жеткирбей ортодо кармап калганы биздин көйгөй эмес. Башкача айтканда, муну дефолт деп айтууга болбойт", — деди маалымат катчы.
Ошондой эле ал ортодон кармалып калган акчаны кимдир бирөөнүн өз максатында колдонушу мыйзамсыз экенин кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg