www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Киев шаарынын жака белинде орусиялык МиГ-31К тик учагы америкалык Patriot зениттик-ракеталык комплексин “Кинжал” ракетасынын жардамы менен жок кылды. Үндөн ылдам учкан “Кинжал” ракетасынын соккусуна украиналыктар жооп бере алышкан жок. Мурдагы аткылаган жеринен орун которуп кетүүгө үлгүрбөй калган Patriot комплекси, ок-дарылары жана Батыш өлкөлөрүнөн келген кошумча техникалары менен ордунда жок кылынды. 

Коргоо министри Сергей Шойгу буга чейин украиналыктар жарыялап келишкендей “алты даана “Кинжал” ракеталарын жок кылышкандыктарын” жокко чыгарды.

Ал “Россия мынча көлөмдөгү ракетаны учура электигин жана украин тарап ракеталардын аталыштарынан жаңыла берише тургандыгын” белгиледи.     

«Кинжал» ракеталык комплекси учканда ылдамдыкты өөрчүтүп жүрө алуучу жана учуу траекториясында чукул маневрларды жасай ала турган бирден-бир жаңы курал. Анын дагы бир өзгөчөлүгү Абадан коргонуу системасынын бардык тоскоолдуктарынан көзгө илээшпей өтүп, душмандын терең тылында канабайрам соккуларды урууга жөндөмдүу курал.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости