www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия мунай менен газды Азияга өткөрөт

Орусия мунай менен газды Европадан Азияга өткөрмөкчү Лента.ру басылмасынын жазганына караганда, орус президенти Владимир Путин өкмөткө 1-июнга чейин тиешелүү инфраструктураны куруу планын берүүнү тапшырган.

Орус лидери өкмөткө экспортту диверсификациялоону, аны түштүк жана чыгыш багыттарына, Африка, Латын Америка  өлкөлөрүнө багыттоону тапшырды. Ал ошондой эле Сибирдин кендеринен жаңы түтүктөрдү куруу зарылдыгын белгиледи.

Путиндин айтымында, жакынкы жылдарда мунай менен газды кайра багыттоого мүмкүндүк берүүчү инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү зарыл.

Гезит белгилегендей, Газпром биринчи жолу Батыш Сибирдин ресурстарын чыгыш багытка багыттоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бирок, азыр бул газдын бирден-бир мүмкүн болгон сатып алуучусу Кытай болуп саналат, аны менен Сибирдин  келишими боюнча сүйлөшүүлөр он жылдан ашык созулду.    

24-февралда Донбасста атайын операция башталганы жарыяланды. ДЭР жана ЛЭР башчыларынын аскердик жардам көрсөтүү өтүнүчтөрүнө Орусия ошентип жооп берди.  

 

 Булак:NazarNews.kg

Последние новости