www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир опурталдуу жагдай бар. Буга чейин коррупцияга, ар кандай кылмыш туулукка айыпталышкан чиновниктердин катары арбыган эле. Алардын баары бир сыйра камалышып, «кусуп» чыгышканы маалым. «Бийликке карата тымызын өчөшкөндөр» деп койсок болот.

Убакыт өткөн сайын оппозициянын саны да көбөйүүдө. «Чаар баш» саясатчылар биримдикке келишип, каршылык көрсөтүүгө багыт алышты. Орточулдар да түзүлүүдө.

Өзгөчө Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары активдүү иштей башташканы жөн жерден эмес го? Ошондо бийликке айбат көрсөткөндөргө түрмөдөн «кусуп» чыгышкан экс-чиновниктер, айрым депутаттар да ооп кетишеби? Ушул өңүттөгү жашыруун сүйлөшүүлөрдү кантебиз?

Саясый талаа барган сайын кызып бараткандай. Ооба, сыртынан карасаң байкалбайт, бирок ичтен дүңүрөңдөп жатышканы кызык. Бир балээнин ичинен чыгышпайбы?..

Булак: Азия News гезити

Последние новости