www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
New York Times гезитинин иликтөөсүнө ылайык, Талибдер Ооганстанда бийликти колго алгандан бери 490го жакын мурдагы өкмөт өкүлдөрүн, коопсуздук күчтөрүн жана эл аралык күчтөр менен кызматташкан адамдарды өлтүрүп же барымтага алышкан.
Талибандын лидери Хайбатулла Ахунзада 2021-жылдын августунда Ооганстанда бийликке келгенден кийин жалпы мунапыс жарыялаган.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, журналисттер Баглан провинциясында эле 86 киши өлтүрүлгөнүн, Кандагарда дагы 114 адам дайынсыз жоголгондугун тастыкташкан.
Басылма Ооганстандын бардык 34 провинциясында дайынсыз жоголуулар жана өлтүрүүлөр катталганын кабарлады. Гезиттин айтымында, талибдер «мунапысты аскерлерди жашынган жеринен азгыруу үчүн тузак катары пайдаланып жатышат».
«Алар мени милиция бөлүмүнө чакырышты. Мунапыс болгондуктан, алар бир аз суроо беришсе керек деп ойлогом... Мени сабап, анан кудукка ыргытып: «Сен бизге каршы ушунча жыл күрөшүп, канчалаган мыкты адамдарыбызды өлтүрдүң» дешти.
«Мен чындап эле мени өлтүрүшөт деп ойлогом... Ошентип, менин көптөгөн жоокер жолдошторум да кудукка ыргытылган. Бул мыкаачылык ушул күнгө чейин уланууда», - деп жазат басылма күч түзүмдөрүнүн мурдагы командири деп атаган адамдын сөздөрүн.
Маалыматка ылайык, гезиттин кызматкерлери жети ай бою иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Маалыматтарды тактоо үчүн алар соттук-видеоэкспертиза, жергиликтүү ЖМКнын маалыматтарынын тууралыгын тастыктоо, аман калгандар, күбөлөр жана курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрү менен маектешүү сыяктуу түрдүү ыкмаларды колдонушкан. Журналисттер укук коргоо уюмдарынын маалыматтарын да талдап чыгышты.
2021-жылдын август айынын башында талиптер ооган өкмөттүк күчтөрүнө каршы чабуулун күчөтүп, 15-августта Кабулга кирип, эртеси согуш бүттү деп жарыялашты.
Августтун акыркы эки жумасында америкалык аскерлердин коргоосунда турган Кабул аэропортунан Батыш жарандары жана алар менен кызматташкан оогандыктар массалык түрдө эвакуацияланган.
31-августка караган түнү америкалык аскерлер Кабулдун аэропортунан чыгып, америкалык аскерлердин Ооганстандагы дээрлик 20 жылдык турумуна чекит коюшту.
Сентябрдын башында Ооганстандын Убактылуу өкмөтүнүн курамы жарыяланып, аны талиптердин биринчи бийлиги тушунда тышкы саясатты жетектеп турган жана 2001-жылдан бери БУУнун санкциялары астында турган Мохаммад Хасан Ахунд жетектеген.
Булак: NazarNews.kg