www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Соңку убакта Роза Отунбаева оппозициячыл саясатчыларга кепкеңештерин берип, кырдаалды чыңалтууга салым кошо баштаганы байкалдыбы? Төңкөрүш жасоо жагынан тажрыйбалуу экспрезидентибиз сырткы байланыштарын пайдаланууга, каражат жагын кантип табууга камынган кербезиби?
Негизи Роза Отунбаева абдан кыраакы, жасаган иштеринен из калтырбаган саясатчы эмеспи. Ал бийликтин алсыз жактарын анализдеп, кандай негизде сокку уруу боюнча алдыртан иштеп, купуя пландарын, идеяларын тымызын сунуштай берсе, аягы кандай бүтөт?
Негизи кырдаал барган сайын оорлошо берери анык. Экономикалык каатчылык, кымбатчылык барган сайын чыңалууда... Президент Садыр Жапаров айланасына кылдат саресеп салып, сатпаган, сыноодон өткөн адамдарды өзүнө тартып, туруктуулукту камсыздоого дилгир киришүүсү керек.
Кыргызстандагы абалдын тез өзгөрүүсүн эч убакта унутпайлы. Чоң чатактын “уюткусу” түптөлө баштадыбы?..
Булак: Азия News гезити