www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оккупацияланган украин аймактарындагы орусиячыл шайлоо комиссиялары шейшемби күнү кечинде аягына чыккан референдумдардын жыйынтыгын чыгарды.

БШКнын маалыматына караганда, Донецк облусунда шайлоо тилкелерине келгендердин 99,23 пайызы, Луганск облусунда 98,42 пайызы, Запорожье облусунда 93,11 пайызы, Херсон облусунда 87,05 пайызы Орусиянын курамына кирүүгө "макул" деген добушун берген.

Добуш берүү аяктагандан бир нече саат өткөндөн кийин Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасы Дмитрий Медведев Телеграмга: "Референдум аяктады. Жыйынтык белгилүү. Үйгө, Орусияга кош келдиңиз", - деп жазды.

Басып алынган украин аймактарын Орусиянын курамына кошуу маселеси 4-октябрда Федерация Кеңешинин жыйынында каралат. Ошол эле маалда өзүн Луганск элдик республикасы деп атап алган аймактын башчысы Леонид Пасечник Владимир Путинден Орусиянын курамына 28-сентябрда эле кошуп алууну сурады.

Украинанын президенти Владимир Зеленский "оккупацияланган аймактардагы фарсты референдумдун имитациясы деп да атоого мүмкүн эмес", - деп билдирди.

Ал украин армиясы өз жерлерин бошотуу планынан баш тартпай турганын, эгер Орусия референдумдун жыйынтыгын тааныса, Путин менен мындан ары сүйлөшө турган сөз жок экенин белгиледи.

Батыш өлкөлөрү Орусия өткөргөн референдумдарды тааныбай турганын бир нече жолу айткан.

Жасалма референдумдар Украинанын төрт облусунда 23-сентябрда башталган. Алгачкы төрт күндө жашоочулар үйлөрдүн кире беришинде жана турак жайлардын короосунда бюллетендерди атайын кутучага салышты. Акыркы күнү – 27-сентябрда референдум атайын добушканаларда өттү.

Луганск менен Донецкиде жикчилдер сегиз жыл мурда эле "Луганск Элдик Республикасы" жана "Донецк Элдик Республикасы" деп аталган түзүмдөрдү уюштуруп алышкан, Херсон жана Запорожье аймактарын Москва февралда басып киргенден кийин ээлеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости