www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов өлкөнүн медиа-айдыңында акыркы убакта орун алган тенденциялар тууралуу өзүнүн пикирин коомчулук менен бөлүштү.

Мамлекеттик катчынын сөзү:

“Ушу тапта кыргыз журтун күтүүсүз баскан капсалаң баарыбызды кейишке салып турат. Элибиз беш салаадай биригип, бир муштумга түйүлүп, жергебизди күтүүсүз баскан баскынчылардын сазайын берди, арам оюн таш каптырды. Тилекке каршы, каргашалуу Баткен коогалаңында 62 жаран мерт болуп, 198 жаран жараат алды, 137 миң адам көчүрүлдү, жергиликтүү калктын мүлкү талоонго учурады. Ага улай, жакында Шерали, Санжарбек, Тилек аттуу үч жоокерибиздин сөөгү "Ата-Бейитке" коюлду.

Жоокерлерибизди акыркы сапарга узатуу зыйнатында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кыргыздын бир укум жери да чет душманга берилбей турганын баса белгиледи. “Кыргыз тарап буга чейин көйгөйлүү кыргыз-тажик чек арасын ар дайым сүйлөшүү жолу менен чечүүгө умтулуп келген. Кыргыз эли бирөөнүн жерине көз арткан эл эмес. Кыргыз эли – башынан эле акыйкаттыкты туу туткан, ар дайым нарк күткөн, салт сактаган кеменгер эл”, - деди ал.

"Чырымтал чындык чапанын кийгиче, карандай калп дүйнөнү чарк айланып чыгыптыр" дейт, анасы кандай, бул жолу анын канчалык ташка тамга баскандай таасын сөз экенине дагы бир ирет ынандык. Ушундай кыйчалыш учурдан пайдаланып, бийлик менен коомчулуктун ортосуна ажырым салгысы келген, бүкүлү бийлик командасын бөлүп-жаргысы келген ички жана тышкы күчтөр жок эмес. Азыр биз айгайы акыретке чейин бүтпөгөн ура-патриоттордун баш көтөрө баштаганына да күбө болуп турабыз.

Кезинде Плутарх аке таасын айтып коюптур: «Өзүнүн чыгаан уулдарын чыркырата чымчылап туруу – кайраттуу элдерге гана таандык касиет» деп. Калетсиз сөз! Мына ошондо, бу кыргыз кандай эл болот? Албетте, бийлик жетекчилеринин жаза баскан, жаза тайган жактарын айтып, көрсөтүп, чымчылап турганы жөн. Бирок, ар кадамдан өксүк таап, өңүрүн өөнгө бычып, айыгышкан душманга колтук ачып бербеш керек да. Коомчулукту козутуудан тапкан пайдабыз не, аны деле көрбөдүк беле...

Дал ушул азалуу күндөрү эл аралык жана улуттук медиа-айдыңдагы “маалымат согушунун” жаңы айлампасын бийлик менен коомчулуктун ортосуна ажырым салууга багытталганы жакшы жосун эмес. Маселен, жакында эле “Свобода” радиосунун сайты кыргыз тараптан атылган миномёттун снарядынан бир тажик жараны жараат алгандыгы жөнүндө маалымат таратты. Тактай келгенде, ал адам тажик аскерлери чегарага койгон жарылгычтан улам жараат алыптыр. Эми, бул кызылдай чагымчылдык да, туурабы?..

Өткөндө Ак үйдүн алдына Баткен окуясына өлө кабатырланып жатабыз, Баткенге сөзсүз барышыбыз керек деген адамдар тобу топтошуп чыкты. Аларга 3 унаа бөлүнүп берилсе, бир дагы киши түшкөн жок, жыла басып таркап кетишти, анан кантип аларга ишенесиң?.. Акыркы кезде медиа-айдыңдагы мындай жалган-жармач маалыматтардын агымы кыйла арбып барат. Алардын көбү Баткенге барбай эле, жоокерлер менен бир окопто жатпай эле, жылуу-жумшак мамыкта отуруп алып чай үстүндө ойнекей-ойдон чыгарылып жазылган маалыматтар экени көрүнүп турат.

Чынында эле медиа-айдыңда социалдык түйүндөр аркылуу жалган, такталбаган, кимдир бирөөлөрдү каралоого багытталган маалыматтарды таркатып жаткан немелерди кыргыз-тажик чегарасы такталып бүткөнгө чейин Баткен аймагына жөнөтсөк кантет? Ошондо кыргыз жеринин тажик тарапка берилген-берилбегенин өз көздөрү менен көрмөк, үйүндө жатып алып жазылган маалыматтын чын-төгүнүн ылгамак, буга чейин кимдердин камчысын кантип чаап келишкенин түшүнмөк!..

Ошентип, ара туулган чындык деле акыры бир күн арабөк калпка айланып тынары бышык. Муюбас чындык муштумун түйө туулганы артык. Ошондо ал аргандай айгайлаган арампөштөрдөн өзүн-өзү коргой алат. Жумшак болсоң – жулмалайт, катуу болсоң – сынасың, нарктан жазбай ийкемдүү бол – ийгиликке тунасың! Эгер артыңдан сөгүнсө – кылчайбастан кете бер, демек сен баарынын алдында баратасың. Ой-туюму жетик, акылга карк ата-бабабыз мына ушундай накыл кебин калтырыптыр!..

Дагы бир жолу баса белгилеп кетели: кыргыз эли – өзүнүн үч миң жылдык таржымалында далай-далай кыйчалыш кырдаалды баштан кечирген, жамандык-жакшылыкта кагылып-согулуп, тарыхтан чоӊ сабак алган уюткулуу журт. Азыр заман кескин өзгөрүп жатат, биз дагы өз келечегибизди так аныктап алышыбыз керек. Жараткан кыргыз элин күтүүсүз каргашадан, бөөдө кырсыктан, жабышкак дарттан, орду толгус жоготуудан сактасын!..”.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости