www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Афганистандагы кырдаалга байланыштуу Орусия Тажикстан менен Кыргызстандагы базаларынын күжүрмөн даярдыгын жогорулатып жатат. Бул тууралуу Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Шанхай кызматташтык уюмунун аскер мекемелеринин жетекчилеринин жыйынында билдирди, деп жазат РИА Новости.
"Биз Кыргызстандагы жана Тажикстандагы орусиялык аскерий базалардын, ошондой эле мүмкүн болуучу кризистик кырдаалдарга жооп берүү үчүн башка күчтөрдүн күжүрмөн даярдыгын жогорулатып жатабыз," – деди Шойгу
Анын айтымында, Афганистандагы абал, ИГИЛ жана "Аль-Каида" сыяктуу эл аралык террористтик уюмдар активдешип жаткан учур, Борбор Азиянын коопсуздугу үчүн олуттуу чакырык бойдон калууда.
"Өлкөдө уланып жаткан куралдуу тирешүүнүн фонунда социалдык-экономикалык абал начарлап, диний радикализм идеологиясы орнотулуп, баңги аткезчилиги жана чек арадагы кылмыштуулук гүлдөп жатат," – деди Шойгу.
Анын айтымында, Орусия Афганистанды жөнгө салуу боюнча бардык эл аралык демилгелерди кубаттайт жана Борбор Азия чөлкөмүндө коопсуздукту камсыз кылуу үчүн чараларды көрөт.
Булак: NazarNews.kg