www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин транспорт, курулуш жана архитектура маселелери боюнча вице-мэри Бактыбек Абдиев япониялык «KYOSAN» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар "Жол кыймылын башкаруунун интеллектуалдык системасы" долбоорунун ишке ашырылышын талкуулады. Компаниянын өкүлдөрү жол тыгынын азайтуу үчүн "акылдуу" жол чырактардын системасын тааныштырды.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча шаардык кызматтар менен биргеликте борбор калаанын жол тыгыны көп кездешкен кесилиштерине чыгуу пландаштырышты.

Изилдөө үчүн төмөнкү кесилиштер тандалды:

- Ахунбаев жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилиши;

- 7-Апрель жана Горький көчөлөрүнүн кесилиши;

- 7-Апрель көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилиши.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости