www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БУУнун Коопсуздук кеңешинин беш туруктуу мүчөсү (Орусия, Кытай, Улуу Британия, АКШ, Франция) Украинанын коопсуздугунун гаранты боло аларын Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин КМШ боюнча экинчи департаментинин директору Алексей Полищук ТАСС агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, мындай мүмкүнчүлүк орус-украин сүйлөшүүлөрүндө талкууланууда.
«БУУнун Коопсуздук Кеңешинин беш туруктуу мүчөсү гарант-мамлекеттер институтунун негизин түзө алат деп болжолдонууда. Башка варианттар жокко чыгарылган эмес, андыктан так тизме азырынча аныктала элек», - деди Полищук.
Украинанын коопсуздук кепилдиги Орусия менен Украинанын сүйлөшүүсүндөгү негизги пункттардын бири. Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШ, Улуу Британия, Франция, Германия жана Түркия коопсуздук кепили болууга даяр экенин билдирди. Кийинчерээк Түркия НАТО хартиясынын жамааттык коргонуу боюнча бешинчи абзацынан үлгү алып, коопсуздук гаранты болбой турганын билдирген.
Акыркы жолу Орусия менен Украинанын делегацияларынын бетме-бет жолугушуусу март айынын аягында Стамбулда болгон. Киев Крым менен Донбасска коопсуздук кепилдиктерин узартпоодон баш тарткандан кийин. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги сүйлөшүүлөр онлайн форматта уланып жатканын билдирди.
12-апрелде Орусиянын президенти Владимир Путин сүйлөшүүлөр токтоп калганын билдирди.
Булак: NazarNews.kg