www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай жана Улуу Британиянын окумуштуулары электромобилдерди зымсыз кубаттоочу жаңы системаны иштеп чыгышты. Анын пайдалуу аракет коэффициенти 98,51% түзөт.
20 кВт кубаттуулуктагы система нанокристаллдык эритмелердин негизинде жасалган. Жаңы технология салттуу чечимдерге караганда эки эсе жука болуп, энергияны жогорку натыйжалуулук менен өткөрүүгө мүмкүндүк берет.
Адистердин айтымында, система электромобилдерден тышкары темир жол транспортунда, өнөр жай роботторунда жана учкучсуз учуучу аппараттарда да колдонулушу мүмкүн.
Учурда иштеп чыгуучулар технологияны коммерциялаштыруу жана өндүрүшкө киргизүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.