www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда эмгектенген жарандарыбыз үчүн катаал талаптар менен рейд башталды. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине мигрант Өмүркөн Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, текшерүү мигранттарды бир топ түйшөлтүп, көйгөй жаратып жатат.

Коюлган талаптар:

1. Миграциялык карта (кирди-чыкты кылганда берилет)

2. Сахарово шаарына барып, медициналык кароодон өтүү (СПИД ж.б жугуштуу оорулар жок экендигин тастыктоочу тактама)

3. Сахарово шаарына барып, бармак изин (отпечатка) тапшыруу.

4. Расмий эмгек келишими (расмий иштеген жерден берилет)

5. Жашаган батирге каттоого туруу (регистрация)

«Миграциялык карта үчүн кирди-чыкты кылуу үчүн Казахстандын чек арасынан өтүүгө аргасыз болгон жарандар 3 суткалап кезек күтүп, араң өтүп жатышат. Айрымдарын «айып (штраф) бар экен, каттооң базада жок экен» деген шылтоо менен Орусияга кайра киргизбей коюп жатышат. Мунун айынан айрым мигранттар ээн талаада, эрме чөлдүү казак жеринде ара жолдо калып жатат», - деди Исмаилова.

Бизге жеткен маалыматтарга караганда, мигранттар медициналык кароодон өткөн учурда да, өпкө оору, СПИД деген ар кандай шылтоо менен 24 миң рулга чейин акча алып жаткан фактылар кездешүүдө.

Дагы бир жагдай, эгер, бармак изин тапшырган соң, кокус кара тизмеге кирип калып, Кыргызстанга келип, аты-жөнүңдү өзгөртүп, башка паспорт алып, кайра кирген учурда, жарандын бармак из аркылуу мурдагы аты-жөнү чыгып калат да, ага өмүр бою Орусияга кирүүгө тыюу салынат.

«Эмгек келишими болбосо, каттоо эч жерде жасалбайт! Эмгек келишими болгон чакта да, жашап жаткан, ай сайын биз акча төлөп жаткан батир ээси каттоо жасап бербейт. Мисалы, мен бир бөлмөлүү батирде өзүм жалгыз жашап, ай сайын 30 миң рубл төлөйм. Жалгыз өзүмө да каттоо жасап берүүгө батирдин ээсин көндүрө албай койдум. Алар да налог төлөөдөн качышат.

Ал эми кээ бирлери абдан түшүнүктүү келет, өзүлөрү кошо барып, каттоо жасап берет. Бирок, аларды да бир жума, 10 күндө базадан кайра чыгарып салып жатышат. Бул - ачык куугунтуктоо жана эл аралык деңгээлде миграциялык укуктарды тебелеп, кемсинтүүгө жатат. Ошондо биз эмне кылышыбыз керек? Эмне үчүн укмаксан, көрмөксөн болуп жатасыңар? Бул жакта биз баарыбыз 12-15сааттан иштейбиз! Эми бардык мигрант массалык түрдө айдалса, ансыз да ашмалтайы чыгып жаткан өлкөдө ачарчылыктан эл кырылып калбайбы?Метрого кирген сайын 2ден полиция турат чекчейип, кара өңдүүнүн баарын токтотуп, каттоосун текшерип», - дейт мигрант.

Белгилей кетсек, ал жерде ПЦР-тесттерди текшерүү жок болгонуна карабай, ПЦР-тест талабы коюлган.

Мигранттар каттоо маселеси боюнча кирди-чыкты кылуу үчүн Казакстанга эмес, Кыргызстанга авиакаттамдарды ачууну сунуш кылууда.

Ошондой эле, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара-Самат маселесин чече албай, өтө чабал иштеп жатканын, мигранттар менен иштей албай жатканына нааразы. Алар Гүлнара-Клара-Саматтын кызматтан кетүүсүн талап кылып жатышат.

Буга чейин, NazarNews маалымат агенттиги Орусиядагы мигрнаттрадын базадан чыгып калганын, депортация болуу коркунучу тууралуу да жазган. Бирок, тиешелүү органдар буга көңүл бурган эмес.

Эске салсак, 21-августта, жергиликтүү убакыт менен саат 14:00 чамасында Ульяновск облусунун Николаев районунда жүк ташуучу унаа токтоп турган маршрутканын артынан сүзүп 14 кыргызстандык каза болуп, үчөө оор абалда ооруканага жеткирилген.

Кырсыкка кабылган жарандар Орусиядан кирди-чыкты кылуу үчүн Казакстандын чек арасынан өтүп бара жаткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости