www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кремль Рамзан Кадыровдун отставкасы боюнча үн катты

Кремль Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров азырынча кызматында калат деп эсептейт. Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кадыровдун кызматтан кетүү боюнча билдирүүсүнө жооп берди.

«Чындыгында, биз бул билдирүүлөрдү көрдүк, бирок азырынча бул билдирүү эч кандай ишке ашкан жок. Азырынча ал Чеченстан Республикасын башкарууну улантууда деп ойлойбуз», - дейт Песков.

Эскерте кетсек, Рамзан Кадыров 3-сентябрда кызматтан көп убакытка кеткенин жана чексиз жана узак эс алууга татыктуу экенин билдирген. Билдирүүдөн кийин Кадыров кызматынан кетсе, Орусиянын күч структураларында чоң кызматты ээлейт деген кабар тарады.

Мындай билдирүүнү Рамзан Кадыров 2016-жылдын февраль жана 2017-жылдын ноябрь айында жасаган.

Рамзан Кадыров Чеченстанды 2007-жылдан бери жетектеп келет. Ал акыркы жолу 2021-жылдын сентябрында кайра шайланган, анын мөөнөтү 2026-жылы аяктайт.

Белгилей кетсек, Рамзан Кадыров генерал-лейтенант наамына ээ. Үстүбүздөгү жылдын 29-мартында президент Владимир Путин аскердик наамын көтөргөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости