www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пензада мобилизациядан качууга байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу“Свобода” радиосу укук коргоо багытында иш алып барган “Агора” уюмунун башчысы Павел Чиковго шилтеме берип жазды. Мобилизация жарыялангандан кийин мындай жүйө менен иш козголгон учур каттала элек болчу.

Чиковдун айтымында, 32 жаштагы шектүү аскер комиссариатына чакыруу кагазына кол коюудан баш тарткандан кийин “ОМОНдун көмөгү менен кармалган”. Эки күндөн бери ал убактылуу кармоочу жайда отурат. Шаршембиде соту болмок.

Укук коргоочунун айтымында, Орусиянын Жогорку соту армиядан качуу беренеси милдеттүү аскердик кызматка баруудан баш тарткандарга гана колдонуларын, мобилизация ал категорияга кирбей турганын түшүндүргөн.

Шектүүнүн адвокаты ишти токтотуу үчүн арыз тапшырганын билдирди.

21-сентябрда орус президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Эксперттер Коргоо министрлигине кеңири ыйгарым укуктар берилгенин, иш жүзүндө урушка ар бир киши салынышы мүмкүн экенин айтып жатышат. Москва Украинадагы согушка 300 миң резервистти жөнөтүнү пландоодо.

Коргоо министри Сергей Шойгунун айтымында, бүгүнкү күнгө чейин даярдык борборлоруна 200 миң киши жайгаштырылды.

Мобилизация жарыяланары менен Орусиядан сырт жактарга кетүүнү каалагандар, өзгөчө башка мамлекеттерге чыгууну көздөгөн эркектер көбөйдү. Алар негизинен виза режими жок кошуна өлкөлөргө, анын ичинде Грузия, Казакстан, Армения, Кыргызстан жана Өзбекстанга агылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости