www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиялыктардын 79 пайызы Путинге ишенет

Коомдук пикир фондунун сурамжылоосуна караганда, Орусиянын президенти Владимир Путинге орусиялыктардын 79 пайызы ишенет.

Изилдөөгө ылайык, респонденттердин 79%ы президентке ишенерин, 13%ы Россия Федерациясынын президентине «ишенбей турганын» айтышса, калгандарына жооп берүү оор болгон.

Сурамжылоого катышкандардын 81% Путин өз кызматында «бир кыйла жакшы» иштейт, ал эми сурамжылоого катышкандардын 10% президент «бир аз начар иштейт» деп эсептейт. Сурамжылоого катышкандардын дагы 9% жооп берүүдөн кыйналды.

FOMnibus сурамжылоосу 10-июлда Орусиянын 53 облусунун 104 калктуу конушунда жашаган жери боюнча сурамжылоо ыкмасы менен 18 жана андан жогорку жаштагы 1,5 миң респонденттин арасында жүргүзүлгөн. Статистикалык ката 2,5% ашпайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости