www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Түргөш каганатын кыргыздардын адыгине уруусунун ата-бабалары, ал эми Караханийлер мамлекетин тухси жана аздар түптөгөн», – мындай бүтүмүн тарых илимдеринин кандидаты, доцент Табылды Акеров Орусиянын Тува Мамлекеттик университетинин «Вестник» журналындагы илимий макаласында жарыялаган. Анын айтымында, 704-жылы Батыш Түрк каганаты кыйрагандан кийин  бийликке түргөш уруулар союзунун  башчысы Үчэлиг-каган келет.

Ал  өлгөндөн кийин, анын тактысын улуу уулу, сары түргөштөрдүн жетекчиси Сакал-каган мурастап калып, ал эми анын иниси Чженбек «карахан» титулунда кара түргөштөрдүн башына келген. Бирок Чженбек тагдырдын бул буйругуна ыраазы болбой, агасына сүр көрсөтүп, өлкөнү таштап, Көк Түрк каганатынын башчысы Капаган-каганга өтүп кетет. Тилекке каршы, Чженбек аны менен да жакшы мамиле түзө албай, кийинчерээк кыргыздардын башчысы Барсбек-кагандын кызматына өтөт.

711-жылы Көк Түрктөр енисей кыргыздарына басып кирип, Барсбек-каганды өлтүрүшкөн. Ошол согушта Чженбек да колго түшүп, өлтурүлөт. Енисей кыргыздары Барсбек-каганга да, Чженбекке да Алтын Көлгө стелла орнотушуп, алардын эрдигин даңазалап, эстелик ташын коюшат. Чженбекке арналган эстеликте ал жөнүндө айтылып келип, анын уруусу тууралуу да сөз кылынат. Чженбектин теги тууралуу төмөндөгүдөй баяндама калтырган:

1. Я умер. Я–тюргеш, Я – Ченг бег (это моя) надпись. 

2.  Я был на тридцать шестом году жизни.

3.  Я придворный служитель Кара–хана,  я – эзгене… [Бутанаев, с. 47–57].

Бул текстти И.В.Кормушин, В.Я.Бутанаев ж.б. окуп чыккан. В.Я.Бутанаев бул текстти анализдеп жатып, Чженбек езгене уруусунан болгонун жазып, езгенени кыргыздардын адыгине уруусу менен салыштырат. Ал езгене - адыгине уруусу болсо керек деп жазат.

В.Я.Бутанаев рун жазуусундагы маалыматка таянып, мындай дейт: «По всей видимости, происходил из племени «эзгене». Можно отождествить название эзгене с созвучным именем племени «адигине» среди современных киргизов Тянь-Шаня. Возможно, «эдигине» происходят от древних тюргешей из Чуйской долины» [Бутанаев, с.47–57.].

Т.Акеров жогоруда сөз болгон макаласында аны улай: «Отсюда можно сопоставить названия западнотюркских племен асиги, езгене с кыргызскими азык и адыгине [Абрамзон, с.38, 51] (в. езгене, азыгине). Мы уже писали о тождестве азык и адыгине» [Акеров, 2020, с. 152-153, 160, 535-536], - деп жазат. 

Андан ары Т.Акеров Барсбек-каган жана Чженбек өлгөндөн кийин түргөштөр, тухси жана аздар Теңир-Тоого кайтып келишкен дейт. Алар менен кошо Енисей кыргызарынын да бир бөлүгү келген. Бул жерде булар биригип, Сулук-каган башында турган жаңы мамлекет түптөгөн. Сулук-каган «карахан» титулунда өлкөнү башкарган. Ал тухси уруусунан чыккан.

Тухсилар жана аздар Карлук каганатында өзүнчө улусту түзгөн. Кыргыз Улуу дөөлөтү мезгилинде тухсилар менен аздар Теңир-Тоого көчүп келген Енисей кыргыздары менен биригип, Караханийлер мамлекетин түптөгөн деген жыйынтыкка келгенин жазат Т.Акеров. Б.а., тухси жана аздар карлуктардын бийлигин тартып алып, реванш алган. Анын ою боюнча, Караханийлер каганатын да тухсилер менен аздар түптөгөн, ал эми чигил жана ягма уруулары тухсилерге жардамчы бирикмелерден болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости