www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кремлдин былгытмаларынын дүйнөгө салган башаламандыгы чамасы бүткөнү калды бейм. Россиянын кылыктарына жана ага карата болгон Европа менен Американын реакциясына унчукпай көз салып турган Кытай ошолорчоук эле утушка ээ болду.Кытай менен АКШ аскердик кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшту. Андан сырткары АКШ буйрутма кылган 8 танкердин алгачкысын сатып алды Кытайдан, аны Европага суюлтулган газды жеткирүү эле.
Мурдараак Кытайдын Москвадагы мамкеңешчиси Забайкальедеги ири масштабдагы жерге кытай жарандарын отурукташтырууну талап кылган болчу.
Бирок сунуш жакшы эле болчу, себеби Кытай проектисин ишке ашырууга Россияда кесипкөй адистер жана жумушчу күчү жок да.
Москванын бир катар спецификалык келишимдерге кол коюусунан улам Кытайдын тынч экспансиясына утулуп жатканы байкалат.
Кыталыктардан айырмаланып орустарда жашыруун экономикалык согуштун тажрыйбасы жок. Орустар ачык эле шантаж жана зордук жолу менен аракет кылышат, мисалы, Европага газ бербей койгон сыяктуу. Андан башкача цивилдүү жол менен таасир этүүгө орустар жөндөмсүз.
Эми Ineos Olefins & Polymers Europ компаниясы жана ага партнёр компания Evergas аркылуу Кытайдын берген танкерлери менен Европаны этан газы менен 2 жылда толук камсыз кылып, Россияны газ рыногунан кууп чыгышат.
Ал эми өнүгүп келе жаткан эң ири газ рыногун (Индия-Пакистан-Иран) Кытай капкачан эле өзүнө имерип алган, мисалы регионалдык газтүтүктөрү Москвада пландаштыргандай орус-кытай эмес, пакистандык-кытайлык болуп курулат.
Кытай өзүнүн рыногуна Россияны киргизейин деген ою жок. Бул ачыктан ачык газ рыногун бөлүштүрүү болуп жатат, бул процесс көп болсо 2020-жылга чейин созулушу мүмкүн.
Шамил Карабала уулу
Булак: NazarNews.kg