www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“УКМКнын, ИИМдин кызматкерлери бир нече күндөн бери “Дача СУ” айылына барышып, үймө-үй кыдырышып, коркутушуп, уюштуруу комитетинин мүчөлөрүн камап баштаганын айтышты”, деген пикирин билдирди бүгүн, 18-апрелде Руслан Бекназаров.
“Алар уюштуруу комитетинин мүчөлөрүн камап башташты. “Дача СУ” айылына минтип текшергени такыр туура эмес. Эмне жергиликтүү тургундар самолет учуп бара жатканда канатынан тартып кулатып жиберди дейсизби. Алардын айтымында самолет үчүнчү жолу кулаптыр. Бийликтин башка кылаарга иши жокпу? Эмне үчүн булар өткөндөн сабак алышпайт? Анда бул бийлик элдин баарын эле камап коюп өздөрү бийликте олтура берсин. Эл бар бийлик бар, эл жок болсо падыша менен депутаттын кереги жок!”, - деген пикирин айтты Руслан Бекназаров.
Булак: NazarNews.kg