www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарындагы ар бир шайлоо участкасына кеминде 4 милиция кызматкери тартылат. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүнкү күндө Ош шаарынын аймагында 6 муниципалдык аймактык башкармалык жана бир айыл аймактык башкармалыктар бар. Анда 78 шайлоо участкасы ачылды.

"2021-жылдын 11-апрелинде өтө турган шайлоодо Ош шаарынын аймагында коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн ар бир шайлоо участкасына шайлоочулардын санына жараша кеминде 4 милиция кызматкери тартылат", - деп айтылат маалыматта.

Шайлоо маалында коомдук тартипти сактоого милиция кызматкерлерине фискалдык органдардын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана элдик кошуундун мүчөлөрүнүн жардам берүүсү пландаштырылууда.

Ар бир кичирайондогу шайлоо участкаларындагы абалды көзөмөлдөө үчүн жетекчилик курамдан жооптуу кызматкерлери бекитилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости