www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр Улукбек Марипов Өкмөттүн жыйынында дары-дармектин баасын арзандатуу боюнча иштин аксап жаткандыгын сындады. Анда ал бул тармакты санариптештирүү менен дарыларды негизсиз кымбаттатуунун алдын алууга болорун эскертти. Бул маселеде тиешелүү ведомстволор сунуш бербей жатканын да сындады.

-Мен дарылардын баасын арзандатам деп элге сөз бергем. Эмнеге байлардын кызыкчылыгын коргойбуз? Бүт мыйзамдар байларга ыңгайлашып түзүлүп калгандай сезилип жатат. Кошумча нарк салыгынан, мамлекеттик төлөмдөн… Бирок дарылар кымбат болуп жатпайбы. Элдин эсебинен байып жатышат. Ооба, импорт кылып жатабыз. Бирок кээ бир дарылар башкалардан 5 эсеге кымбат болуп жатат,-деди өкмөт башчы.

Жыйында дары-дармектердин бааларын мониторинг кылып, салыктык жеңилдиктерди эске алгандагы бааларын аныктоону тапшырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости