www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош—Бишкек жолунун 260-чакырымында «Рено» үлгүсүндөгү газ ташуучу унаа жарылып кетти. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдирген.

Маалыматка караганда, газ ташыган унаа Бишкек шаарынан Ош багытын көздөй бара жатып, Чычкан капчыгайында дөңгөлөгү жарылып, жолдун оң тарабына кулаган. Мындан улам газ жарылган. Унаанын айдоочусу унаа кулап бара жатканда секирип кетип, аман калган деп жазат Турмуш кж.

Жалал-Абад ОИИБдин ЖКККБдин маалыматына караганда, окуя 15-ноябрда саат 12:35 чамасында болгон.

Жумушунан кайтып келе жаткан жол көзөмөлдөөчүлөр окуя болгон жерге токтоп, жолдун эки тарабынан тең 5 метр алыстагы унааларды токтотуп калышкан.

«Андагы оор жүк ташуучу унаада айдоочу өзү эле болгон. Ал унаадан секирип түшүп аман калган. Унаа жолдун четине кулап түшүптүр. Биздин кызматкерлер өрт өчүрүүчүлөргө дароо кабар беришип, өрт убагында өчүрүлдү. Жолдогу каттам үзгүлтүккө учураган жок», - деп билдиришти мекемеден. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости