www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Камактагы Кадырбаев Айтмамат
Кадырбаев мурдагы президент Атамбаев менен жакын болгон. Ал «Вангага» айланып, кийин президент болуп калат деп Сапар Исаковду уулуна өкүл ата койгон. Мырзакматовду кызматтан кетирип, анын ордуна Атамбаевдин “десанттары” Аалы Карашев, Тайырбек Сарпашевдер аркылуу шайлоодо Ош мэрлигин “тартып алган” Кадырбаев өзү деле чоң ийгилик жараткан жок. Тескерисинче, ошол эле учурда “карга-кузгун” атка конгон. Акыры үн-сөзсүз камалып, тынч жатканына бир нече ай болду. Анын өзүн коргоосу же актануусу коомчулукка белгисиз. Жакындарынын айтуусунда, Кадырбаев «кусканга каражат таппай кыйналып жатат» имиш. «Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт», – дейт. Айрымдар мурдагы мэрдин туугандары анчалык бай эмес экенин да айтышууда.
“Кризистик менеджер” — Мелис Мырзакматов
Убагында Мелис Мырзакматов өлкө оор абалда турганда Ош шаарынын экономикасын көтөрүп, инфляцияга карабай бюджеттегилердин айлыгын жогорулатып, «кризистик менеджер, арстан" деген атка конгон.
2010-жылы бийлик алмашканда ал кызматта кала берди. Ал бийликке келген соң, Мырзакматов «куугунтук кылбаңыз» деп ачык айтып, 2013-жылы Ош шаарын толук көтөрүп чыккан. Тилекке каршы Атамбаевдин каарына калган "арстан" мамлекеттен чыгып кеткен.
Мэр катары Мырзакматов жасаган иштер:
Атамбаев көтөрбөгөн Ош шаарынын бюджетин көтөргөн. Манас, Барсбек, Каныкейдин айкелдерин орноткон. Талаштуу жолдорду түрттүрүп, Монуев, Тилеке баатыр жана башка көчөлөрдү ачкан. Миңдеген оштуктарга жумуш берип, миграцияны азайткан. Кийинки мэр Айтмамат Кадырбаев элди суусуз, светсиз калтырганын эл билет. 2013-жылы чоң митинг уюштуруп, кызматтан кетип, чет өлкөгө чыгып кеткен.
Ош шаарынын азыркы мэри Жеңишбек Токторбаев мурдагы мэр Мырзакматовдун шаарда 43 гектар жери бар экенин айткан.
Анын айтымында, экс-мэр 36 гектар жерди өз каалоосу менен өткөрүп берүүгө макул болгон. Бирок прокуратура бул жараянды мыйзамсыз деп, сотко кайрылып, мамлекеттик актыны жокко чыгарган. Учурда бул маселелер боюнча бир нече соттук териштирүү жүрүп жатканы айтылууда.
Кол чатыр көтөрткөн Таалайбек Сарыбашев
Таалайбек Сарыбашевдин кошоматчылары ага кол чатыр көтөрүп жүргөнү интернетке чыгып, коомчулукта катуу резонанс жараткан. Ал элге жакпаган башкаруучу катары сыпатталып, бир аял курултайда ачык сындагандан кийин, күтүүсүз түрдө кызматтан алынып, ордуна жаңы мэр дайындалган.
Кызыгы — элдин арасында эски мэрди мактаган, ал тургай “ода” жазган адамдар болгон. Ал эми жаңы мэрге тебетей да кийгизбей, чапан да жаппай коюшканы элдин көңүлүн бурган.
Мелис Мырзакматов мэрликтин деңгээлин көтөрүп кетсе, Сарыбашев аны булгаткандай элес калтырган. Бирок, балким жаңы дайындалган вице-мэр жарык үмүт болоор?
Акылбек Жапаровдун “куурчагы” — Бакытбек Жетигенов
Бүгүнкү саясат парадокс: бир күнү камаласың, эртеси кызматка келесиң. 2021-жылы Бакыт Жетигенов «бийликти басып алууга» аракет кылган деп кармалган. Көп өтпөй ал бошотулуп, бирок акталбаган. Ошентип, Ош мэри болуп дайындалган.
Буга чейин Жетигенов “Ар-намыс” партиясында Акылбек Жапаров менен чогуу депутат болгон. Саясий байланышы күчтүү экенин айтпасак да түшүнүктүү.
Бул дайындоо коомчулукта көп суроо жаратты. “Ири шаарды башкарууга тажрыйбасы жок адам кантип келет?” деген суроолорду эл бүгүн да берип жатат.
Эң чоң көйгөй — кадр саясаты. “Кызмат” деген оюндун оюнчулары тез-тез алмашканы менен, оюн ошол бойдон кала берүүдө. Бул дагы “шайтан айлануусунун” белгисиби?
Баса, Сөгүш жана сыйлык алган Жеңишбек Токторбаев
Ош шаарынын элине алкоого татыды. Шаарды кеңейтип, болуп көрбөгөндөй өзгөрттү. Ал тургай мэр тууралуу ырлар жазылып, мультфильмдер тартылды. Эл билбеген суу каналдардардын бети ачылып, жолдор кеңейди. Калганын дагы көрө жатаарбыз.
Азизбек Келдибеков, NazarNews