www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунда УТРКнын телерадио компаниясы түптөлөт

УТРКнын башкы директору Б.Тиллебаев облустук телерадио компанияларынын ишмердүүлүгү менен таанышуу алкагында Ош шаарында болуп, ал жердеги облустук телерадионун эски имаратынын абалы менен таанышты. Азыркы тапта УТРКнын Ош облусунда гана өзүнүн телерадио компаниясы жок.

Облустук телерадиону түптөө максатында Б.Тиллебаев ОшМУнун ректору К. Кожобеков менен жолугуп, журналист кадрларды даярдап чыгарып жаткан кафедранын чакан телерадио студиясын көрүп чыкты. Аны менен бирге башкы директор эски имаратты калыбына келтирүү багытында ректор менен пикир алышты. Эгерде имарат калыбына келтирилип, ишке кирип калса, университетте журналист адистерди биргелешип даярдоо  жолго салынып калат. Журналистика кафедрасы даярдап чыгарган кадрлар облустук телерадионун базасында тажрыйба топтоп, эки тараптуу кызматташтык чыңдалат.

Б.Тиллебаевдин айтымында, республиканын ири аймагы болгон Ош облусунда УТРКнын телерадио компаниясы болушу керек жана аны кайрадан негиздеп чыгууга баардык аракеттер жумшалат. Бул мамлекеттин маалыматтык коопсуздугун чыңдоодо негизги күч.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости