www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык мэриясынын кызматкерлерине “Жал” кичи районундагы “Батуми” кафесин бузууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана мүлктү атайылап жок кылуу фактылары боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу АКИpress агенттиги өздүк булактарына таянуу менен жазып чыкты.

Маалым болгондой, аталган факты боюнча УКМК иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Алдын ала маалыматтар боюнча, эки тараптан тең мыйзам бузуулар болгон: кафе ээлери унаа токтотуучу жайды мыйзамсыз пайдаланышкан, ал эми мэрия кызматкерлери оор техниканы колдонуу менен мүлктү талкалап, “легалдаштыруу механизмдери болгонуна карабастан” аныкталган мыйзам бузууларды жоюуга мүмкүнчүлүк беришкен эмес.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости