www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Ош облусунун мусулмандар казыяты Түркиядагы зилзаладан жабыр тарткан элге жардам көрсөтүү боюнча буйрук чыгарды.
1. Ош облусунун аймагындагы ар бир мечит Түркия Республикасында катталган зилзаладан жабыр тарткан түркиялык боордошторго жардам чогултуу уюштурулсун. Жардам топтоого Ош облусунун аймагынын жалпы дин кызматкерлери (баш имам-хатибдер, имамдар, мечит кызматкерлери) тартылсын;
2. Мечиттерде мусулмандын экинчи бир мусулманга жардам көрсөтүүсүнүн сооптору, момунга көмөк көрсөтүүнүн пазилети, боордоштук, тилектештик боюнча баяндар (жума кутпаларда, эл чогулган жерлерде) айтылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн;
3. Аманаттарды алууда так жана жоопкерчиликтүү мамиле жасалсын;
4. Материалдык жардамдардын (кийим-кечелер, жууркан-төшөнчөлөр жана күндөлүк турмуша керектелүүчү буюмдар) жаңылыгы жана кышка (суукка) жарамдуулугу эске алынсын;
5. Акчалай жардам көрсөтөм деген жарандарга зилзаладан жабыркаган Түркия эли үчүн Кыргыз Республикасында акча каражаттарын бир жерге чогултуу боюнча депозиттик эсеп ачылгандыгы жана реквизиттер боюнча маалыматтар жеткирилсин:
Банк: "Айыл Банк” АКК, ИНН 01803199710084, БИК 135001, ОКПО 30597768; эсеп № 1350102119900169 КР финансы минмстрлигинин транзиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)" (сом, АКШ доллары, квро); Төлөм коду 14411100 - “Учурдагы жардам”.
6. Жогоруда көрсөтүлгөн эсеп номерлер жана реквизиттер боюнча маалыматтар мечиттерге илинсин;
7. Буйрукту аткарууга алуу райондун баш имам-хатибдерине жүктөлсүн.
Аталган буйрукка Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Ош облусунун мусулмандар казыятынын казысы Сайдамир ажы Жейналиев кол койду.
Булак: NazarNews.kg