www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кахраманмараштагы жер титирөө болгон аймактарды кыдыруу учурунда жарандар менен бирге дуба кылды, деп билдирет Yeni Şafak.
Cumhurbaşkanı Erdoğan, Kahramanmaraş'ta tüm Türkiye’yi olumsuz etkileyen olay sonrası deprem bölgelerini ziyaret ederek vatandaşlarla dua etti.
— Yeni Şafak (@yenisafak) February 9, 2023
Эрдоган аталган шаарга кырсык болгон аймактагы иштерди координациялоо үчүн келди.
Президент жер титирөөнүн очогу болгон Кахраманмарашка, андан кийин Хатайга барды. Эрдоган андан соң жер титирөөдөн эң көп жабыркаган провинциялардын бири болгон Аданага келди.
Эскерте кетсек, 6-февралга караган түнү Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сириянын түндүк-батышында Араб плитасынын Чыгыш Европа платформасы менен кагылышынын натыйжасында күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөө болуп, эпицентри Кахраманмараш провинциясында болгон. Күндүз Түркиянын борбордук бөлүгүндө күчү 7,7 баллга жеткен дагы бир жер титирөө болуп, алар Сириянын бир катар аймактарына да таасирин тийгизди. Өлкөдө 12-февралга чейин улуттук аза күтүү жарыяланды. Акыркы маалыматтар боюнча Түркия менен Сирияда каза болгондордун жалпы саны 21 миңден ашты.
Булак: NazarNews.kg