www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунун ички иштер башкармалыгы жарандарды коомдук туруктуулукка жана коопсуздукка терс таасирин тийгизен, улуттар же региондор аралык кастыкты козута турган такталбаган, жалган жана чагымчыл маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырат.
Ош ОИИБ мындай такталбаган, же чагымчыл маалыматтарды тараткан жарандар Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет.
Андыктан социалдык тармактарда жана интернет булактарында ар кандай маалыматты жарыялоодон, кандайдыр бир пикир калтыруудан мурда анын тактыгына ынануу зарыл.
Мыйзам бузууларга, чагымчылдык жасоого аракеттенүүгө, коомдук тартипти бузууга байланышкан жагдайлар аныкталса, мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөт.