www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда алтын өндүрүү менен алектенген ишкерлердин жер жана суу ресурстарын пайдалануудагы мыйзам талаптарын сактоосу текшерилди.
Мониторингди Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Жалал-Абад облусундагы аймактык башкармалыгынын кызматкерлери Каныш-Кыя айыл аймагында жүргүзүштү.
Текшерүүнүн негизги максаты — алтын өндүрүү иштеринде жер жана суу ресурстарын пайдалануу талаптарынын сакталышын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-октябрындагы №222 токтомунда белгиленген талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө.
Мониторинг учурунда жер тилкелерин белгиленген тартипте пайдалануу, суу ресурстарын колдонуу жана өндүрүштүн айлана-чөйрөгө терс таасирин алдын алуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Мындан тышкары, ишкерлерге жер жана суу мыйзамдарынын талаптарын так сактоо, өндүрүш иштерин тиешелүү уруксат берүүчү документтердин негизинде жүргүзүү жана жаратылыш ресурстарына аяр мамиле кылуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.