www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
9-февраль күнү Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө боюнча сабак өткөрүлдү.
Ага башкармалыктын Кадрлар бөлүмүнүн жетекчилиги, кызмат, бөлүмдөрдүн башчылары жана кызматкерлер катышты.
Алгач, иш-чарага катышуучулардын назарына Кыргыз Республикасынын ИИМ тарабынын атайын даярдалган мыйзам жана тартип бузган кызматкерлер жөнүндө видео тасмасы тартууланды. Ошондой эле, кызматтык кийимди кийип жүрүү эрежелери тууралуу слайд көрсөтүлдү.
Андан ары өздүк курамга Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы тууралуу маалымат берилди.
Анда маалым болгондой, коррупцияга шектелип, сот жообуна тартылган мамлекеттик кызматкерге мамлекеттик органдарда иштөөгө өмүр бою тыюу салынат. Ошондой эле, анын жакын туугандары да мамлекеттик, муниципиалдык жана күч түзүмдөрүнөн кызмат ордунан бошотулат.
Сот тарабынан күнөлүү деп табылган кызматкер келтирилген зыянды кайтарып берсе да, ал жазадан кутула албайт, башкача айтканда белгиленген жазанын жарымын абакта өтөйт.
Сабактын соңунда кызматкерлерге коррупциядан алыс болуп, кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту так сактап, жүктөлгөн милдетти ак ниеттүүлүк менен аткаруу боюнча катуу эскертүү берилди.
Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы