www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россия Федерациясына жасалган жумушчу сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов 2026-жылдын 9-февралында Москва шаарындагы алдыңкы медициналык жана билим берүү мекемелерине барды. Сапардын негизги максаты — медициналык кадрларды даярдоо, жогорку адистештирилген медициналык жардамды уюштуруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасы үчүн практикалык мааниге ээ болгон заманбап жана жогорку технологиялуу диагностика жана дарылоо ыкмаларын изилдөө болду.
Сапардын жүрүшүндө кыргыз делегациясы саламаттык сактоонун артыкчылыктуу багыттарын камтыган — медициналык билим берүү, жүрөк-кан тамыр хирургиясы, онкология, акушердик жана гинекология, ошондой эле медицинадагы санариптик жана роботтоштурулган технологиялар боюнча беш негизги мекеменин иши менен таанышты.
Министр зыярат кылган алгачкы объектилердин бири Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу И.М. Сеченов атындагы Биринчи Москва мамлекеттик медициналык университети болду. Бул жогорку окуу жай өлкөдөгү алдыңкы медициналык университеттердин бири болуп саналат. Сапардын алкагында министр жана делегация мүчөлөрү окуу программалары, келечектеги дарыгерлерди даярдоо системасы, ошондой эле 18 корпус жана 7 университеттик клиниканы камтыган инфраструктурасы менен таанышты. Практикага багытталган окутуу жана билим берүү процессинин клиникалык жана илимий ишмердүүлүк менен интеграцияланышына өзгөчө көңүл бурулду.
Университеттин клиникалык бөлүмдөрүндө делегация неврология борборуна барып, телемедициналык технологияларды колдонуу, алыстан консультация берүү жана бейтаптарды коштоп жүрүү мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты. Ошондой эле Da Vinci роботтоштурулган хирургиялык системасы аркылуу жүргүзүлгөн операция реалдуу убакыт режиминде көрсөтүлүп, чоң кызыгууну жаратты. Министр телемедицина жана робот-ассистенттик дарылоо ыкмаларын киргизүү медициналык жардамдын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууда өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.
Жумушчу программанын алкагында Россия Федерациясынын бир катар алдыңкы федералдык илимий-медициналык борборлоруна да зыярат уюштурулду. Алардын катарында:
· А.Н. Бакулев атындагы Жүрөк-кан тамыр хирургиясы боюнча Улуттук медициналык изилдөө борбору, анда жүрөк-кан тамыр ооруларынын татаал түрлөрүн аныктоо жана дарылоонун заманбап ыкмалары сунушталды;
· Академик В.И. Кулаков атындагы Акушердик, гинекология жана перинатология боюнча Улуттук медициналык изилдөө борбору, ал эне менен баланын саламаттыгын сактоо, репродуктивдик ден соолук жана перинаталдык жардам багытында адистешкен;
· Н.Н. Блохин атындагы Онкология боюнча Улуттук медициналык изилдөө борбору, онкологиялык ооруларды аныктоо жана дарылоодо алдыңкы технологиялар колдонулган ири борборлордун бири болуп саналат.
В.И. Кулаков атындагы борборго болгон зыяраттын жүрүшүндө министр жогорку адистештирилген акушердик-гинекологиялык жана перинаталдык жардамды уюштуруу системасы, ошондой эле медициналык кадрларды даярдоо процесси менен таанышты. Белгиленгендей, Кыргыз Республикасынан барган адистер бул борбордо окуудан жана дипломдон кийинки кесиптик даярдыктан өтүп келишет. Министрдин айтымында,
«Кыргызстандык адистердин алдыңкы профилдик борборлордо билимин жогорулатуусу өлкөдөгү медициналык жардамдын сапатына түздөн-түз таасир этет жана бул репродуктивдик саламаттыкты чыңдоонун, энелердин жана ымыркайлардын өлүмүн азайтуунун негизги багыттарынын бири болуп саналат».
Сапардын жыйынтыгында министр изилденген тажрыйба улуттук саламаттык сактоо системасын мындан ары өнүктүрүүдө, айрыкча медициналык кадрларды даярдоо, жогорку технологиялуу медициналык жардамды киргизүү жана адистештирилген кызматтарды уюштурууну жакшыртуу жагынан чоң практикалык мааниге ээ экенин белгиледи.
Мындан тышкары, жумушчу сапардын алкагында делегация Москва шаарындагы заманбап жеке көп тармактуу клиникалардын бирине да барды. Анда медициналык жардамды уюштуруу жана башкаруу процесстери изилденди. Өзгөчө көңүл онкологиялык кызматка бурулуп, компьютердик томографиядан жана ПЭТ-изилдөөлөрдөн тартып, химиотерапия жүргүзүүгө чейинки толук диагностикалык жана дарылоо цикли көрсөтүлдү. Ошондой эле лабораториялык кызматтын, патоморфология бөлүмүнүн иши, балдар реабилитациясын уюштуруу, экинчи деңгээлдеги көп тармактуу оорукананын иши, клиникалык жана башкаруу практикасындагы санариптик чечимдер тааныштырылды. Министр жеке сектордогу саламаттык сактоо мекемелеринин тажрыйбасын, айрыкча процесстерди натыйжалуу уюштуруу жана санариптештирүү жаатында изилдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи.