www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талапкер Улан Примовго таандык "Ош пирим" телеканалынын директору Абай Нур Кылычбеков, Алай шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Замирбек Бөжөнов боюнча айыптоо пикирин Facebook баракчасына жазды. «Мына, Бөжөнов деген Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжалык ОшМУнун студент, мугалимдерин айылдарга жөнөтүп, тууган-уруктарына айттырып толук админресурсту колдонуп жатканы айтылууда.

Мугалимдер безилдеп калыптыр. Анткени эки тоонун чөбүн бирдей эңсеген бу киши ОшМУдагы проректорлук ишин да убактылуу тапшырып, таасири ошол боюнча.

Студенттер менен мугалимдерди суу жүрөк кылып бүтүптүр. Айтсаңар иштен, окуудан айдайм деп ачык эле шантаж кылууда.

Бирок жакында бул боюнча жетиштуу фактылар топтолуп, коомчулукка жана укук коргоо органдарына берилет! Мындан сырткары Өзбекстандык студенттерден 1000-2000 доллардан доля алганы боюнча да кыңыр иштерин угуп жүрөбүз. Бул да укук коргоо органдары тарабынан тырык иликтене турган маселе. Ушинтип жатса коррупцияга белчесинен батпаган деп ким айта алат бул кишини?

Бөжөнов өзү жалган-чынды аралаштырып пост жазып, астына пикир билдиргендерди өчүрүп, блоктоп качууда. Буга окшогон сын көтөрө албаган суу жүрөктөр элди эптей албайт! Ушуга окшогон кумалактар өзүн мыкты көрсөтүп жаткан ОшМУнун ректоруна зыяны тийүүдө...», - деп белгилеген ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости