www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда ар кандай даражадагы мырза чиновниктер аялга орун бербей, отургучта отурган сүрөтү кызуу талкууланууда. Анда аял жерде бутун бүгүп отурганын көрүүгө болот.

Сүрөттөн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевди, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновду, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновду, вице-мэрлер Марс Исаев менен Сонунбек Жунусбаевди көрсө болот.

Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары чиновниктердин аялга болгон сыйлабас мамилесине нааразы болушту.

Бул боюнча Ош мэриясы комментарий берип, сүрөт Нооруз күнү тартылганын белгилешти.

«Сүмөлөктү ачуу учурунда куран окулган. Ким кайсы жерде болсо, ошол жерге отура калышкан. Бул расмий иш-чара болуп, анан айымга орун бербей койсо бир жөн эле. Куран окулуп жатканда тартылган сүрөт», — деп түүшүдүрүштү мэриядан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости