www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарынын мэриясы асфальт чыгаруучу завод курат. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.
Калаа мэри Таалайбек Сарыбашов Алиев көчөсүн оңдоо иштери менен таанышуу учурунда заводдун курулушу кийинки жылга пландалып жатканын айткан.
«Муниципалдык ишканаларды техника менен камсыздап жатабыз. Быйыл шаардык жол башкармалыгына асфальттоочу жаңы техникаларды алып бердик. Бирок каражаттын басымдуу бөлүгү асфальтка кетип калат экен. Ошондуктан, кийинки жылдан тарта өзүбүз асфальт чыгаруучу завод куралы деп чечтик. Бүгүнкү күндө сүйлөшүү иштери жүрүп жатат. Шаардагы жол куруу ишканасын жандандырып, жумушчулардын да айлык акысын көтөрөбүз», - деди Сарыбашов.
Ошондой эле, ал шаардын негизги да, ички да жолдорунун абалы начар экенин моюндаган. Быйыл 10 чакырымга жакын ички жолдорго асфальт төшөлөрү маалым болду.
Булак: NazarNews.kg