www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөгө белгилүү опера ырчысы Болот Миңжылкиевдин ысымы жана жаркын элеси, калтырган эмгеги кыргыз эли барда, кыргыз музыкасы барда эч качан унутулбайт. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын эл артисти, опера ырчысы Болот Миңжылкиевдин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада cүйлөп жатып айтты.

«Дүйнөгө белгилүү опера ырчысы Болот Миңжылкиевдин ысымы жана жаркын элеси, калтырган эмгеги кыргыз эли барда, кыргыз музыкасы барда эч качан унутулбайт. Болот агабыз операнын мекени болгон Италиянын Милан театрында тажрыйба алмашуу максатында иштеп, Кыргызстандагы опера жаатындагы мыкты даярдыкты көрсөтүп, кыргыз элинин атагын алыскы элдерге таанытты. Анын өмүрү жана эл үчүн аткарган кызматы — баарыбызга үлгү», - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Бас үндүү ырчынын урматына Болот Миңжылкиев атындагы IV Эл аралык опера фестивалы 21-апрелде Бишкекте Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында башталган.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, фестивалга Орусия, Казакстан, Тажикстан, Түркия, Өзбекстан, Украина жана Кыргызстандын опера жылдыздары, мыкты вокалисттери катышат. Көрүүчүлөргө дүйнөлүк опера классикасынын шедеврлери, театрдын репертуарындагы мыкты чыгармалар тартууланат.

Иш-чара 25-апрелде Александр Бородиндин "Князь Игорь" операсы менен аяктайт. Фестивалдын дирижеру Кыргызстандын Эмгек сиңирген артисти Нурматбек Полотов.

СССРдин Эл артисти Болот Миңжылкыев 1940-жылы 23-апрелде Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында туулган. Атактуу ырчы 1997-жылы 16-августта Санкт-Петербургда каза болгон. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган. Ал бас үндүү опера ырчыларынын бири болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости