www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Азыркы депутат, министрлер бири-бирин теңсинбейт, эл дагы сыйлабайт”, - деди NazarNews маалымат агенттигине жазуучу, котормочу Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Ильгиз Гилязетдинов.

--“Адамды тарбиялоо бала чакта башталат. Ошол сыңары ар бир жетекчини башынан тарбиялаш керек. Совет доорунда жетекчилерди биз көрдүк, чогу кызматташтык. Алардын хан сарайы, жеке машинасы жана бизнеси болгон эмес. Азыркыларды карасаңар Кыргызстанда эле эмес, чет мамлекеттерде укмуштуудай хан сарайлары, бизнестери чыгып жатат. Советтер союзунда адамдардын жүргөнү жөнөкөй эле машина, кызматтары укмуш болчу. Унаасына үй-бүлөсүн, балдарын дагы салбай “Партиянын машинасы” деп турушкан. Азыр мамлекеттин мүлкүн убактылуу пайдаланмак турсун менчиктеп алышат. Ошону менен катар азыркы депуттардын, министр же башка башчылардын баркы жок. Мурдагы мамлекеттик кызматтагы жетекчилерди эл гана эмес чоңдор аябай сыйлап, урматтап турчу. Азыркы чиновниктерди эл сыйлабайт. Керек болсо туугандарынын арасында кадыр-баркы жок. Ал эми депутат, министрлер бири-бирин теңсинбейт”, - дейт жазуучу.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости