www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия кайсы өлкөлөр үчүн коркунуч жаратууда?

Британ өкмөтүнүн байланыш борборунун (GCHQ) директору Джереми Флеминг Орусияны Британия үчүн негизги коркунуч деп атады.

«Бул (Орусия - ред.) Улуу Британиянын улуттук жана жамааттык коопсуздугуна эң олуттуу коркунуч бойдон калууда», -  деди ал.

Флеминг Орусия киберкоопсуздук жаатында коркунуч туудурат деп тактады. Ал ошондой эле Москваны «дүйнө жүзү боюнча» агрессивдүү чалгындоо операцияларын жүргүзүп, шайлоого кийлигишип жатат деп айыптады. Орусиядан тышкары, Кытай Улуу Британияга олуттуу коркунуч туудураарын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Орусия Батыш саясатчыларынын Москванын үчүнчү өлкөлөрдөгү шайлоого кийлигишүүсүн ырастаган айыптоосун бир нече жолу четке каккан.

Эске салсак, өткөн жумада Британия жана АКШ бийликтери Орусиянын Тышкы чалгындоо кызматынын SolarWindsге каршы киберчабуулдарга катыштыгы бар экендигин жарыялаган. SVRдин басма сөз бюросу бул айыптоолорду «куру сөз», жана «акмакчылык» деп атап, алар алыскы пикирлерди билдиришти, ошондой эле Ак үйдүн билдирүүлөрү боюнча талкуу чалгындоо кызматынын милдетине кирбегендигин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости