www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргызстанда маданият майданы бар экенин дагы унутуп калышты”- деди NazarNews маалымат агенттигине жазуучу, котормочу Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Ильгиз Гилязетдинов.

--“Кыргызстанда маданият майданы бар экенин дагы унутуп калышты. Азыр маданият мышык ыйлаарлык. Искусство, маданият жана маалымат кызматкерлеринин айлык маянасы 6 миң сом. Ал эмнеге жетет? Балдарын багыш керек, батирине төлөйт жана башка маселеси көп. Жакында эле “улуттук” макамы бар маданият мекемелеринин кызматкерлеринин айлыгы буга чейин да 80пайзыга жогорулаганын айтышты. Булардан башка мамлекеттик жана жергиликтүү маданият мекемелеринде иштегендердин айлыгы 50 пайызга чейин жогорулайт дешти. Эми ушул ишке ашып кетсе маданият адамдарына мамлекеттик жардам катары болмок. Көңүлү ток болбосо чыгармачылык таланты ойгонбойт. Көңүлү ток болбогон адам элге жакшы маанай тартуулай албайт да. Ошондуктан биринчи маданияттын адамдарына көңүл буруп айлык маянасын жакшыртып, сахнага кийүүчү формаларды жаңыртып, сахнаны кооз жасалгалап койсо алар таланттары менен көңүлү чөгүп турган элге жакшы маанай тартуулайт”, - дейт котормочу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости