www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Юстиция министрлиги кеңсеси Латвияда жайгашкан «Медуза» басылмасын «чет өлкөлүк агент» деп тааныды.

Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында кабарланды. Анда бул чечим «Орусия Федерациясынын учурдагы мыйзамдарынын талаптарын аткаруу максатында» кабыл алынганы жазылган.

«Медуза» - орус тилдүү басылма. Аны Lenta.ru басылмасынын мурдагы башкы редактору Галина Тимченко баштаган журналисттер негиздешкен. Редакция 2014-жылы октябрда иштей баштаган.

«Чет өлкөлүк агенттер» жөнүндөгү мыйзам Орусияда 2012-жылы кабыл алынган. Былтыр ноябрдан тартып чет жактардан акча алган массалык маалымат каражаттарын ал тизмеге кошууга жол ачкан мыйзам иштей баштады. Ал реестрде ушу тапта 150дөн ашык коммерциялык эмес уюм жана маалымат каражаты катталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости