www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Замандаш» ассоциациясынын Орусиядагы өкүлү менен маек.
- Орусияда жүргөн кыргызстандыктардын жүз миңден ашыгы депортация болушу ыктымал экени маалымдалбадыбы. Бул маселе эмнеге байланыштуу болуп жатат?
- Кыргызстандын жарандарынын документтери 15-марттан баштап текшериле баштаган. Себеби, Орусия менен Кыргызстандын ортосунда авиакаттам болгон үчүн Путиндин указы менен чыккан амнистия бүткөн.
15-июндан тарта Өзбекстан, Тажикстан, Украина, Молдова, Азербайжан жана башка визасыз кирген эмгек мигранттарына амнистия бүтөт. Ошого 15-июндан кийин текшерүү болот. Азыр болсо бир гана Кыргызстандын жарандарына текшерүү жүрүп жатат.
- Ошондо жалпысынан 115 миң кыргызстандык Орусиянын аймагынан чыгарылышы мүмкүнбү?
- Документтери туура эмес, каттоолору жок, депорт болгон, эки же андан ашык административдик штрафы бар жарандар чыгып кетсин деп жатат. 2018-2019-2020-жылдары келген Кыргызстандын жарандары документтери туура болсо кирип-чыкпай эле койсо болот. Себеби, Кыргызстан ЕАЭБге мүчө өлкөбүз.
- Демек, ал жакта тынч иштеш үчүн документтерин тууралаш керек экен да?
- Ооба, эгер биздин жарандардын эмгек келишими болсо, каттоосу болсо, эч кандай көйгөй болбойт.
Булак: Азия News гезити