www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош адистештирилген контролдук-токсикологиялык лабораториясы ISO/IEC 17025:2017 эл аралык стандартынын талаптарына ылайыктыгын тастыктап, аккредитациялоо жөнүндө күбөлүк алды.
Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, лаборатория бүгүн, 19-августта, эл аралык стандарттын талаптарына ылайыктыгын баалоодон ийгиликтүү өттү.
Аккредитация лабораторияда жүргүзүлгөн сыноолордун сапатын, жыйынтыктардын ишенимдүүлүгүн жана анын техникалык компетенттүүлүгүн тастыктайт.
Лабораторияда минералдык, органикалык жана органоминералдык жер семирткичтер, топурак, суу, ошондой эле өсүмдүк продукцияларындагы пестициддер менен агрохимикаттардын калдыктары изилденет.
Министрлик бул жетишкендик айыл чарба продукциясынын коопсуздугун камсыз кылууга жана республикадагы агрохимиялык лабораториялык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Ведомство азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу алкагында эл аралык стандарттарга жооп берген лабораториялык ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын билдирди.