www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Адилеттик убакыт өткөн сайын өз маанисин жоготпошу керек. Тескерисинче, жылдар өткөн сайын чындык айкындалып, адилетсиздикке чекит коюлганда гана коомдо адилеттик орнойт. Болбосо, убакыт өткөн сайын жабырлануучунун жүрөгүндөгү жараат тереңдеп, жоопсуз калган суроолор көбөйө берет. Бүгүн биз 1998-жылы болгон окуя боюнча көп жылдан бери чындык издеп келе жаткан Алмамбет Айдаралиевдин тагдырына коомчулуктун көңүлүн бурууга аргасыз болуп жатабыз.
Анда сөз башынан болсун. 1998-жылы 22 жаштагы Алмамбет Айдаралиев күтүүсүздөн оор кылмыш ишинин фигурантына айланган. Анын өзүнүн айтуусунда, окуя алдын ала уюштурулган провокациянын негизинде болгон. Ал атасынын өтүнүчү менен анын тааныштарын кызматтык унаа менен жеткирип бара жаткан. Кечки саат 16:00дор чамасында үчөө көчөдө турган учурда, он чакты милиция кызматкери келип, аларды кармап кеткен. Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгында алар бир нече саат кармалып, ага психологиялык жана физикалык басым көрсөтүлгөн. Ал өзүнө коюлган баңгизатка байланыштуу айыпты моюнга алуудан баш тарткан. Унаадан 4,8 килограмм апийим табылганы айтылып, үчөө тең кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Бул иштерди ошол кездеги тергөочү Сергей Тишков деген жүргүзгөн. Соттун өкүмү менен 22 жаштагы жигит 11 жылга, ал эми анын жанындагы эки улгайган адам 10 жылдан эркинен ажыратылган. Айдаралиев эркинен ажыратылганга чейин анын салмагы 105 килограмм болсо, бир жыл ичинде 42 килограммга чейин арыктаган. 1999-жылдын аягында медициналык комиссия анын абалын өтө оор деп баалаган. Ал эркиндикке чыккан учурда ден соолугу дээрлик талкаланган абалда болгон. Кийин узак убакыт бою дарыланып, жакындарынын жана элдик медицина өкүлдөрүнүн жардамы менен жашоо үчүн күрөшкөн. “Тилекке каршы, башка фигуранттардын тагдыры анчалык жакшы болгон жок. Атама дос болгон адамдардын бири түрмөдө катуу ооруп, 2012-жылы каза болду. Экинчиси казак улутунда болгондуктан, өлкөдөн кетүүгө аргасыз болду. Жасалма кылмыш иши үч үй-бүлөнүн жашоосун талкалады”, - дейт Айдаралиев өкүнүч менен эстеп.
Ден соолугун калыбына келтиргенден кийин Алмамбет Айдаралиев алдына акыйкаттыктын акырына чейин жетүү негизги максатты койгон. Бирок, ишти кайра карап чыгууга аракет кылганда укмуштуу жагдай аныкталып, кандайдыр бир себептер менен кылмыш иши бардык архивдерден “изсиз” жоголгон.
“Бул издерди жашыруу үчүн атайын жасалган. Алар ишти “өзүм жок кылгам” деп айттырууга аракет кылып жатышат. Бирок мен аны кантип жок кыла алмакмын? Балким, ишти ага эркин кирүүгө мүмкүнчүлүгү болгон жана аны эч кандай каттоосуз алып кете алган бийлик өкүлү жок кылганы логикалуу эмеспи”, - деп баса белгилейт Айдаралиев. Анын айтымында, азыр Тишков жана анын жактоочулары коомдук пикирди бурмалап, “эмне үчүн 27 жылдан кийин эстеди?” деген суроону коюп жатышат. “Бул калп. Мен бир да күн унчукпай отурган жокмун. Иштин материалдарын кайрадан чогултуп, нөлдөн баштап архивдерди жана сансыз суроо-талаптарды карап, иштин жасалмаланганын далилдер менен ырастоого дээрлик 20 жыл кетти”, - дейт Айдаралиев.
Прокуратура иштин айрым документтерин калыбына келтиргенден кийин таң калыштуу факт ачыкка чыккан. Негизги “күбө” жана “күбө катары катышкан аял” расмий түрдө унааны тинтүүгө эч качан катышпаганын билдирген. Ушул маанилүү көрсөтмөнүн өзү эле бүгүн Айдаралиевге каршы козголгон кылмыш ишинин негиздерин олуттуу түрдө жокко чыгарат. Мындан тышкары, тергөө учурунда дагы бир одоно мыйзам бузуу аныкталган. 1998-жылы аталган “күбө” күч түзүмдөрүнүн кызматкери болгон, тагыраагы ал Бишкек шаардык ИИ башкармалыгынын “Беркут” бөлүмүндө улук иш кагаздарын жүргүзүүчү болуп иштеген. Мыйзам боюнча иштеп жаткан милиция кызматкери күбө катары катыша албайт, анткени ал ишке кызыкдар тарап болуп эсептелет. Анын маалыматтары протоколго мыйзамдуу көрүнүш түзүү үчүн гана киргизилген.
Ушул расмий бурмалоонун негизинде кызматтык жасалмачылык беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөчүнүн аракеттеринин мыйзамдуулугун жана Тишковго коюлган айыптоолордун негиздүүлүгүн Бишкек шаардык соту расмий түрдө ырастаган.
“Мен кызматтык креслону эмес, таза абийирди тандайм”
Жоопкерчиликтен качып кутула албасын түшүнгөн айыпталуучу жана анын колдоочулары тактикасын өзгөрткөн. Тергөө создугуп жатат. Ал эми Айдаралиевдин айтымында, ишке Жогорку Кеңештин Вице-спикерлеринин бири активдүү кийлигишүүдө. Анын үй-бүлөлүк байланыштары айыпталуучу менен мурдагы мамилелерге байланыштуу экени айтылууда. Бул депутат коом алдында дайыма мыйзамдуулукту жактаган адам катары көрүнүп келет. Бирок, бул жолу, Айдаралиевдин айтымында, ал адилетсиздикти коргоо тарабына өткөндөй.
Кылмышты кылып, кыл жип менен бууп отурган Сергей Тишков кек алуу максатында УКМКга, прокуратурага жана Салык кызматына Айдаралиевди каралоо жана анын кызматта иштешине шек келтирүү үчүн биринин артынан бири арыздар түшө баштаган. Ал эми ортомчулар аркылуу Алмамбетке “эгер арызынан баш тартпаса, жумушсуз калат” деген түздөн-түз коркутууларды айтышкан. Бирок, бир кезде өлүмдүн жүзүн көрүп, баарын жоготкон адам эми эч нерседен коркпостугун айтууда.
“Эгер мен жылуу кресло менен бул ишти аягына чыгарып, өзүмдүн жана үй-бүлөмдүн мойнундагы бул кара такты жууп салуунун бирин тандоого аргасыз болсом, мен эч ойлонбостон адилеттикти тандайм. Мени жалаа жана дооматтар менен коркута алышпайт. Мен Башкы прокурорго да, Кыргыз Республикасынын Президентине да чейин жетем. Чыныгы мыйзам бузгандарды аныктап, үнөөлүүлөр татыктуу жазасын алышына жетишем. Анткени, чындык кай жерде болбосун жеңишке жетишет”, - дейт Алмамбет Айдаралиев.
Алмамбет Айдаралиев акырына чейин күрөшүүгө даяр. Ал муну өзү үчүн гана эмес, ошол оор мезгилде укукугу бузулуп, адилетсиздиктен тагдыры талкаланган бардык адамдар үчүн жасагысы келет.
Учурда бул иштердин аягына чыгарууда чындыкты билиш үчүн өлкө жетекчиси Садыр Жапаровго, Башкы прокурорго жеке кайрылууларды кылып, кирүүнү максат кылууда. Айдаралиевдин айтымында “Бул аракетим менен бирөөнү күнөөлөп, соттун ордуна өкүм чыгарууну сураган жокмун. Адилеттикти угуп, чындык ким тарапта болсо ошону билсе деген сөз” – дейт.
Эгер мурдагы тергөө мыйзамдуу жүргүзүлгөн болсо муну далилдер көрсөтсүн. Эгер мыйзам бузуу болгон болсо күнөөлүүлөрдүн ким экенине, кызмат ордуна же бүгүнкү коомдогу абалына карабай мыйзам алдында жооп берсин. Эгер кылмыш иши атайылап бурмаланган болсо муну жашырууга эч кимдин укугу жок. Аныкталып, коомго ачыкка чыгып мыйзам алдында жазалансын.
Кызыкпыз, кылмышты таап берсе да ошону аныктап жазасын бере албайбыз. 20 жылдан ашык убакыт Айдаралиев өзүнө карата жазалган атайын иштин артынан түшүп, чындыктын бетин ачкан экен. Бирок, тиешелүү укук кызматкерлери ошол чындыкты жаап жашырып жатышканы, тергөөнү создуктуруп “карга карганын көзүн чукубайт” болуп турушканы өкүндүрөт. Дал ошол жалган иштин артында ошол кездеги тергөөчү, ИИМдин учурдагы ардагери Сергей Тишковго эч кимдин тиши өтпөй жатканы эмнени каңкуулайт? Баягыдай баарысы “бир мафия” болуп алдыбы? Андай болсо бул иштин акыры жөн бүтпөйт.
Президент жер-жерлерде элдер менен жолугуп жүргөн кезде дал ушуга кошогон көптөгөн мыйзамсыз иштер боюнча суроолор жаады. Анда ажобуз “мага жеткирбей эле ушул иштердин аягына чыксаңар болот эле” деген эле. Тилекке каршы, айрым жетекилер ажонун айткандарын кулак сыртынан кетирип, түз ажого кайрылууга муктаж кылууда.