www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШК президенттикке талапкерлердин шайлоо бюллетениндеги кезектүүлүгүн аныктоо үчүн чүчүкулак өткөрүүнүн жаңы тартибин бекитти.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы катталган талапкерлерди шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрүү тартиби тууралуу нускаманы бекитти.

Жаңы тартипке ылайык, чүчүкулак өткөрүүнүн негизги жол-жобосу өзгөрүүсүз калат.

Ошол эле учурда бардык катталган талапкерлер же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү макул болсо, чүчүкулакты бир этапта өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

БШКнын маалыматына ылайык, мындай ыкма талапкерлердин кезектүүлүгүн кокусунан аныктоо принцибин сактоо менен бирге катышуучулардын макулдашылган позициясын эске алууга шарт түзөт.

Ошондой эле жаңы тартип чүчүкулакты өткөрүү жол-жобосун жөнөкөйлөтүп, анын этаптарын жана убакыт чыгымдарын кыскартууга багытталган.

Последние новости