www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарын таза суу менен камсыз кылууда маанилүү роль ойногон Папан суу сактагычына байланыштуу кооптонуу жаралып жатканын Радысбек Алдыраков аттуу Фейсбук колдонуучусу билдирди.

Анын айтымында, Папан суу сактагычында курулуп жаткан чакан ГЭС ишке кире электе суу сактагычтын түбүндө топтолгон ылайды (ил) тазалоо маселеси чечилиши керек.

Маалыматта Папан суу сактагычында учурда 27 млн долларлык чакан ГЭС долбоору ишке ашырылып жатканы айтылат. Ошол эле учурда суу сактагычтын түбүндө болжол менен 100 млн тонна ылай (ил) топтолгону белгиленүүдө.

Алдыраковдун айтымында, ылайды тазалоо иштерин жүргүзүү шаарды ичүүчү суусуз калтыруу коркунучун жаратышы мүмкүн. Ал эми суу сактагычтын түбүн тазалабай туруп ГЭСти ишке киргизүү турбиналардын кум жана ылайдан жабыркап, 3-4 жылдан кийин иштен чыгып калышы ыктымал.

«Бул көйгөйдү чече турган даяр «Ак-Буура-кластер» долбоору бар:

Сууну ылайлантпай, шаарды суусуз калтырбай, швед земснаряддары менен экологиялык тазалоо.

Жашыл аккумулятор заводун куруу (Carbon Zero). ВСП+ (GSP+) эл аралык макамы аркылуу биз аккумуляторлорду Европага бажы төлөмсүз экспорттой алабыз. Бул мамлекетке жана инвесторго жылына 30 млн доллар таза пайда алып келет!» - деди Алдыраков.

Документтерди кароо мөөнөтү боюнча мамлекеттик органдардан жооп күтүлүүдө. Алар айрым мекемелер маселени «14 күндүк мөөнөт» деген жүйө менен создуктуруп жатат, деп кошумчалады автор.

Ошондой эле, ал бул маалыматтар өлкө жетекчилигине жана коомчулукка жетиши керектигин белгилеп, көз карандысыз журналисттерди Папан суу сактагычындагы кырдаалга көңүл бурууга чакырды.

Последние новости