www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Мамлекеттик бажы кызматынын «Ош» бажысы менен биргеликте жүргүзгөн иш-чаралардын жүрүшүндө «Бими Ош Сервис» бажылык тариздөө жайынын пайдаланылбай турган имаратынан курал-жарак сактоого атайын жабдылган жашыруун жайды аныктады.
УКМКнын маалыматына караганда, жайдан ок атуучу куралдар жана ок-дарылар сакталган сейф табылган.
Тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында:
3 даана ок атуучу тапанча;
5 даана ок салгыч;
12 мм калибрдеги 31 патрон;
9х17 мм калибрдеги 47 патрон;
9 мм калибрдеги 14 патрон;
8 даана АМГ патрону;
3 даана рация алынган.
Учурда алынган курал-жарак жана ок-дарылардын келип чыгышы, ошондой эле жашыруун жайды уюштурган адамдар аныкталууда.