www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош токой чарбасына караштуу «Беш-Конуш» көчөтканасында токой көчөттөрүн өстүрүүнүн заманбап ыкмаларын киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Окумуштуулар — профессор Бакытбек Шамшиев, доценттер Абдыжапар Акулов, Элмурат Обдунов жана Венера Эрматова Ош токой чарбасынын директору Талант Боркошов менен биргеликте көчөткананын ишмердүүлүгү менен жеринен таанышты.

Жолугушууда токой чарбасынын учурдагы абалы, аймактык токой-экологиялык көчөткананын алдыңкы үлгүсүн түзүү, токой өстүрүүнүн жаңы ыкмаларын колдонуу жана материалдык-техникалык базаны чыңдоо маселелери талкууланды.

Маалыматка караганда, «Беш-Конуш» көчөтканасында Алай жана Кара-Суу райондорунун тоо экосистемаларына, ошондой эле түштүк аймактардагы климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашкан шарттарда токой көчөттөрүн өстүрүү, интродукциялоо жана биомелиорациялоо боюнча илимий-өндүрүштүк агротехнологиялар колдонулууда.

Бул иштер көчөттөрдүн сапатын жогорулатууга, илимий жетишкендиктерди токой чарбасынын практикалык ишине киргизүүгө жана өлкөнүн түштүгүндөгү токой экосистемаларын калыбына келтирүүгө багытталган.

Адистердин белгилешинче, илим менен өндүрүштүн тыгыз кызматташтыгы токой чарбасын өнүктүрүүнүн маанилүү багыттарынын бири болуп саналат.

Последние новости