www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ош» эл аралык аэропортунда эки чет элдик жаран 20 миң доллар жасалма акча менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. 

Маалыматка караганда, шектүүлөр 17-майда Түркиядан Ош шаарына учуп келген. Алар көзөмөл-өткөрмө жайдан өтүп жатканда кармалган. Алардын жанынан 20 миң доллар жасалма акча табылып алынган.

Кармалгандар 37 жаштагы Ф.А. жана 35 жаштагы Ш.Н. аттуу адамдар.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Акчаны жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости