www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таласта өспүрүмдү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.

Милициядан билдиришкендей, 16-майда Айтматов районунда белгисиз айдоочу өспүрүмдү сүзүп, качып кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

Жаракат алган өспүрүм ооруканага жеткирилген.

Аталган факт каттоого алынып, окуя жерине тергөө-ыкчам тобу барган. Айдоочуну кармоо үчүн ыкчам-издөө иштери жүргүзүлүп, шектүү катары 48 жаштагы Б.Ж. аттуу жаран кармалган.

«Текшерүү учурунда анын жол кырсыгына тийиштиги бар экендиги жана «Фольксваген Пассат» унаасын мас абалында башкарып келе жаткандыгы аныкталган», — деп билдиришти милициядан.

Айдоочунун унаасы айып аянтчасына токтотулган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости